• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Каршы тилкеге чыгып, эреже бузган айдоочу жумуштан четтетилди

9 Аяк оона 20249:12 Бишкек Govori.TV

Каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан автобустун айдоочусу жумуштан четтетилди.

Буга чейин социалдык тармактарда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, жол чырактын кызыл түсүнө токтобай, айдап бара жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, бул маалымат боюнча кайгуул кызматынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери автобустун айдоочусун таап, каршы тилкеге чыккандыгы жана жол чырака баш ийбегендиги үчүн 20 миң 500 сом айып салышты.

«Ал эми айдоочунун ишмердүүлүгү коммиссиянын кароосунда каралап, бардык айып пулдарын төлөтүү менен жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 272