Өзгөндө жол кырсыгынан 8 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма соз кызматы кабарлайт.
Маалымат боюнча, Ош облусунун Өзгөн районунда 11-март күнү саат 19:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 605-чакырымында (Шоро-Башат айылы) “Дэу-Тико” жана “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
«Кырсыктын кесепетинен 8 адам (4 эркек: 1992-жылы туулган, 1992-жылы туулган, 1984-жылы туулган, 1975-жылы туулган, 2 аял 1961-жылы туулган, 2004-жылы туулган, 2 жаш бала: 2013-жылы туулган, 2018-жылы туулган) ар кандай жаракаттарды алышып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.
КР ӨКМ №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кыпчылып калган жаранды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.