• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери башталды

20 Бештин айы 2020 20:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Торугарт автожолунун 66-чакырымында катталып, сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Кырсыктан каза болгондордун, жаракат алгандардын жана айдоочулардын аты-жөнү, жашаган жерлери такталууда.

Бул тууралуу Чүй облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгы 19-декабрдын түнү саат 22.00 чамасы катталган. «Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол ортосундагы тосмого карабай, каршы тилкеге чыгып айдап, жеңил машине менен кагылышкан.

«Фольксваген” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 500 метр жерге барып айланып келбей, каршы тилке менен айдаган. «Бат эле өтүп кетем» деп ойлогон. Бирок ошол кезде өз жолу менен келе жаткан “KIA” үлгүсүндөгү машине менен сүзүшкөн. Себептери дагы такталып жатат. Бул жол кырсыгы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды”, — деди Исаев.

Азыр жол кырсыгынан жаракат алган үч киши ооруканада жатат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 315