2024-жылдын 8 ай аралыгында республикада 27 миң тонна товардык балык өндүрүлгөн. Бул тууралуу 1-октябрда Биринчи радионун эфиринде Айыл чарба министрлигинин балык чарба реестрин сертификациялоо жана жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кыдыр Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 1280 балык чарбасы бар.
Жунушалиев белгилегендей, Кыргызстандан балык Орусияга, Казакстанга жана жарым-жартылай Өзбекстанга экспорттолот.