Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Султан Кермалиевди Шереметьево аэропортунда Өзбекстандын жарандары менен бирге кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактарында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Бишкектен Москвага учуп келгенде эч кандай көйгөй болгон эмес. Ал эми бул жолу Өзбекстан аркылуу учуп келгенде баарын кармашкан.
«Шереметьево аэропортунда Өзбекстандан келген бардык жарандарды кармап, 2-3 сутка текшерип, андан кийин 60-70% адамдарды кайра артка жөнөтүшкөн. Алардын арасында аялдар жана кичинекей балдар да болгон, аларга өтө начар мамиле кылышкан», — деп жазган Кермалиев.
Жыйынтыгында аларды кайра Өзбекстанга жөнөтүшкөн.