• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балык чарбасы ишке кирет

27 Баш оона 202415:14 Бишкек Govori.TV

Токтогул шаарына караштуу Жаңы-Жол айылында жаңы балык чарбасы ачылат. Бул жерде “Азия Продукт” ишканасы менен тиешелүү мамдепартамент жана Токтогул шаардык мэриясы биргелешип, жылдык кубаттуулугу 1 млн. 250 миң даана болгон осётр балыгынын чабагын өстүрүүчү инкубациялык цехтин курулушун башташты.

Курулуштун жалпы наркы 30 миллион сомду түзөт. Куруу иштери аяктагандан кийин 20-25 жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот.

Бул курулуштун максаты — Токтогул суу сактагычында осётр балыгынын камдыгын көбөйтүп, экспортко чыгарып райондун экспорттук потенциалын жогорулатуу.

Аталган долбоор президент Садыр Жапаровдун Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган жарлыгына ылайык ишке ашмакчы. Ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча ишке ашырып жаткан 100 долбоордун ичинде бул иш жасалууда.

Министрлик бүгүнкү күндө агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.

Количество просмотров: 76