8-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.