Эртең, 8-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,
Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,
Бишкек шаарында түнкүсүн+19…+21, күндүз +32…+34 градус болот.