• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

8 кыргыз жараны эвакуацияланды. ТИМ Түркиядагы соңку абал боюнча маалымат таратты

8 Бирдин айы 2023 17:35 Бишкек Govori.TV

8-февраль, саат 12ге карата Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Түркиядагы элчилик Анталья жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктар менен бирге кыргызстандыктар каза болгондор жана жабыркагандар арасында бар же жогун тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

«Жардамга муктаж кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүлүп, Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан коопсуз жактарга сегиз кыргызстандык жеткирилгени, Малатья шаарында тогуз кыргыз жаранына (экөө балдар, бирөө кош бойлуу келин) жардам берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 85