8-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 20…22 градус болот.