Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалды өндүрүү көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кийинки жылы «Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводунун реконструкциясы аяктап, ишкана 800 миң тоннага чейин К5 стандартындагы бензин өндүрө баштайт.
Амангелдиев белгилегендей, учурдагы кырдаалдан чыгуу менен катар, мамлекет ички рынокту күйүүчү май менен камсыздоо үчүн аракеттерди көрүүдө.
«Кийинки жылдан тарта Россия жана башка мамлекеттер менен түздөн-түз мунай жеткирүү боюнча келишимдер ишке ашырылат. Мындан тышкары, «Жунда» заводунун өндүрүш көлөмү жана «Кыргызнефтегаздын» жаңы заманбап заводунун ишке кириши ички рынокту КММ менен камсыздоого шарт түзөт», — деди ал.
Ал кошумчалагандай, «Кыргызнефтегаздын» жаңы К5 стандартындагы заводун 2028-жылы ишке киргизүү пландалууда.