• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

«Ак шумкарлар» Мьянма курамасын 8:1 эсебинде жеңди

11 Кулжа 202114:58 Бишкек Govori.TV

Бугүн, 11-июнда өтүп жаткан Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде «Ак шумкарлар» 8:1 эсебинде алдыга чыкты.

Беттеш Осака шаарындагы «Нагаи» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 13:00дө башталган.

Кыргызстандын эсебиндеги биринчи голду Турсунали Рустамов 22-мүнөттө киргизди. Андан көп өтпөй 29-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов эсепти 2:0 кылды. Үчүнчү голду Фархат Мусабеков 34-мүнөттө, ал эми төртүнчү голду Алимардон Шукуров 45-мүнөттө киргизди. Калыс ышкырыкты жаңыртар алдында (45+2) капитандык милдетти аткарып жаткан Мирлан Мурзаев эсепти 5:0 кылды. Кийин Мирлан Мурзаев алыскы аралыктын бүгүнкү беттештеги экинчи укмуштуудай голун жаратты. Абай Боколеев эч кандай кыйынчылыксыз атаандаштын дарбазасына таамай 7-голду багыттады.

Оюндун соңунда калыс ышкырыгын жаңыртты. Эсеп саны 8:1 . Натыйжада «Ак шумкарлар» Мьянманы жеңип алды.

Количество просмотров: 409