17-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 81 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 7
Ош — 4
Чүй облусу – 8
Ош облусу — 22
Талас облусу — 3
Нарын облусу — 1
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 13
Баткен облусу — 15.
Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 153 адамга жетти.