Кыргызстанда 17-сентябрга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 113 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 589 бейтап, амбулатордук түрдө 910 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 567 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 15 киши айыгып чыкса, 2 миң 583 адам каза болду.