• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

86 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

18 Аяк оона 2021 10:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 18-сентябрга карата коронавирус 86 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 54,

Ош шаарында – 1,

Чүй облусунда – 13,

Талас облусунда – 1,

Нарын облусунда – 2,

Ысык-Көл облусунда – 14,

Жалал-Абад облусунда – 1.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 96 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 586 бейтап, амбулатордук түрдө 900 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 653 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 111 киши айыгып чыкса, 2 миң 586 адам каза болду.

Количество просмотров: 170