• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

875 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

26 Кулжа 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

25-июнга карата коронавирус дагы 892 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Жаңы учурлар:

— Бишкек шаарында – 401 адам;

— Чүй облусунда – 143 адам;

— Жалал-Абад облусунда – 110 адам;

— Ош облусунда – 81 адам;

— Баткен облусунда – 61 адам;

— Ош шаарында – 55 адам;

— Ысык-Көл облусунда – 27 адам;

— Нарын облусунда – 7 адам;

— Талас облусунда – 7 адам.

Ал эми бир суткада 524 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2, Жалал-Абад облусу – 1, Ош шаары – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 811 бейтап, амбулатордук түрдө 6миң 108 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 36 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 119 миң 873 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 107 миң 915 киши айыгып чыкса, 1 миң 971 адам каза болду.

Количество просмотров: 137