Кыргызстанда 2-августка карата коронавирус дагы 897 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учур:
— Бишкек шаарында 619 адам;
— Чүй облусунда 66 адам;
— Жалал-Абад облусунда 66 адам;
— Баткен облусунда 55 адам;
— Ысык-Көл облусунда 54 адам;
— Нарын облусунда 14 адам;
— Ош шаарында 9 адам;
— Талас облусунда 8 адам;
— Ош облусунда 6 адам.
Ал эми бир суткада 1 миң 316 адам илдеттен сакайды. COVID-19 илдетинен бир күндө өлкө боюнча 9 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 779 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 913 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 164 миң 743 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 147 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 344 адам каза болду.