Кыргызстанда 5-августка карата коронавирус дагы 840 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 476 адам;
— Чүй облусунда 131 адам;
— Жалал-Абад облусунда 78 адам;
— Ысык-Көл облусунда 54 адам;
— Баткен облусунда 42 адам;
— Ош облусунда 31 адам;
— Нарын облусунда 11 адам;
— Талас облусунда 9 адам;
— Ош шаарында 8 адам.
Ал эми бир суткада 1 миң 550 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча тогуз бейтап каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 167 миң 76 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 152 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 миң 372 адам каза болду.