• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

9 айда 86 млн. 248 миң сом бюджетке түшкөн

11 Тогуздун айы 202416:29 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2024-жылдын 9 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 520 794 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 150 протокол түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрлик өзү билдирди.

Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 86 млн. 248 миң 226 сом чегерилди.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналат.

Количество просмотров: 151