9-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Баткенде түнкүсүн 9…14, күндуз 16…21;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндуз 13…18;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылыйт.