• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

9-июнда Бишкектин айрым райондоруна таза суу өчүрүлөт

7 Кулжа 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

9-июнда саат 09:00дөн 23:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, таза суу берүүнүн убактылуу токтотулушу «Баха» суу алгычындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

«Суу берүү Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөлөрү Абдрахманов көчөсүнөн Арча-Бешик конушунун батыш чек арасына чейин, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромская, Гагарин, Псковская-Тыналиев көчөлөрүндө, ошондой эле Сары -Өзөн, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Ала-Арча, Арча-Бешик, Плодовое, Калтар, 105 контур жана Селекция конуштарында токтотулат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 82