Эртең, 9-июнда күндүз бардык облустарда жаан-чачын болушу ыктымал. Түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт.
Абанын температурасы:
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35,
Талас облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 20…22, күндүз 32…34°.