• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

9-кабаттан боюн таштаган жигиттин өлүмү. ӨКМдин шалаакылыгы талкууда

28 Тогуздун айы 2021 9:27 Бишкек Govori.TV

Бишкекте көп кабаттуу имараттын үстүнөн боюн таштаган 22 жаштагы жигит каза болду. Байтик Баатыр жана Абды Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын үстүнө чыгып алган жанын кыя турганын айтып коркуткан. Бир нече саатка созулган көндүрүү аракетинен майнап чыкпай, ал сегизинчи кабаттан боюн таштаган.

Окуя болгон жерде турган тез жардам кызматкерлери аны ооруканага алып баратканда үзүлгөн. Маркум 1999-жылы туулган Т.М. аттуу жаран экени аныкталды.

Учурда окуя коомчулукта кызуу талкууланып, жеринде иш алып барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аракеттери сындалууда.

Количество просмотров: 485