• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

9-класстын окуучусу каза болгон мушташ видеого түшүп калган

3 Кулжа 2019 14:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

27-май күнү Бишкектеги №48 мектептин 9-классынын окуучусу ур-токмоктон соң ооруканага тушүп, каза тапкан. Бул болуп өткөн окуянын видеосун «kaktus.media» агенттиги жарыялаган.

Видео kaktus.media

Эске салсак, Бишкектеги №48 мектептин 9-классынын окуучусу 28-май күнү таңкы саат 7де балдар ооруканасында каза тапкан.

2003-жылы туулган 9-класстын окуучу №3 тез жардам балдар ооруканасына 27-май күнү кечинде келген. Оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбековдун айтымында, бала бирөөдөн токмок жегенин айткан.

Баланын өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн медициналык экспертиза өткөрүлгөн. Мектеп окуучусунун өлүмү боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Окуя боюнча ушул эле мектептин окуучулары сурак берип жатышат. Милициянын маалыматына караганда балдар арасындагы талаш адеп мектепте күндүз чыгып, кечинде сабак бүткөндөн кийин уланган.

Количество просмотров: 45