• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте топтошуп мушташууга шектүүлөр кармалды

19 Баш оона 202513:34 Бишкек Govori.TV

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан топтошуп мушташууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 17-август күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Р.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Гагарин жана Мурмонск көчөлөрүнүн кесилишинде Эржан аттуу бала дос балдары менен биргеликте, арыз ээсинин жана жашы жете элек 2008-жылы туулган Р.Э., 2010-жылы туулган Р.Э., аттуу бир тууган инилерин «дубинка, газ ачыкычы» менен уруп сабагандыгын билдирип, мыйзамдуу чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүп башталган.

«Тергөө-ыкчам иш чаларынын жүрүшүндө, 2002-жылы туулган К.Э., 2002-жылы туулган Ж.Н., 1992-жылы туулган М.Э., 2002-жылы туулган Ж.А., аттуу шектүүлөр кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал эми, арыз ээсине карата ден-соолугуна келтирилген зыян боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мындан тышкары, шектүү М.Э., аттуу автоунаасын текшерүү учурунда, пневматикалык курал жана шектүүгө тиешелүү прокурордун жардамчысынын жасалма күбөлүгү табылган», — деп жазылат маалыматта.

Тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 127