Социалдык тармактарда бир кыздын ур-токмокко алынып жатканы тартылган видео тараган.
Свердлов райондук милициясы аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин МЭЖне катталганын билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, жаңжалдын бардык катышуучулары аныкталды. Алар — 19-17 жана 16 жаштагы кыздар болгон
«19 жаштагы кызга карата Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол толтурулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эки өспүрүм кыздын ата-энелери 102-берене («Ата-энелик милдеттерден баш тартуу») боюнча жоопко тартылды», — деп жазылат маалыматта.