Ош ШИИБ Ош шаарында май куюучу жайдын алдында болгон мушташ боюнча эки жаран тең тергөө кызматына жеткирилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 15-апрелден 16-апрелге караган түнү болгон.
Бул факт 17-апрелде милицияда катталып,«Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Шектүү катары Ош шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Т.Э. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, жаңжал эки жарандын ортосундагы пикир келишпестиктен улам “Энесай” эс алуу жайында башталып, кийин көчөдө уланган.
Ошондой эле милиция интернетте тараган видеодогу адам балбан Акжол Махмудов эмес экенин кошумчалашты.
Буга чейин соутармакта бир адамды экинчиси сабап жатканы тартылган видео тарап талкууга түшкөн. Айрымдар видеодогу кол көтөруп жаткан адам Акжол Махмудов экенин айтып чыгышкан болчу.