• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

9 медкызматкер коронавирус жуктурду

19 Аяк оона 202011:36 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада өлкөдө дагы 9 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, Баткен облусунда 4, Жалал-Абад облусунда бир, Ош облусунда 4 медик ооруп калды. Ошол эле бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 197 учур катталды, алардын ичинен 2 779 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 72