Эртең, 9-октябрда күндүз Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө, Төө-Ашуу ашуусунда, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жаан жаайт. түнкүсүн Жалал-Абад облусунун Токтогул ойдуңунда, Чычкан капчыгайында, Чаткал өрөөнүндө, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Шамалдын батыштан келген багыты секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1 … 6, күндүз 10 … 15;
Талас жергесинде түнкүсүн -1 … +4, күндүз 5 … 10;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 7 … 12, күндүз 13 … 18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2 … +3, күндүз 8 … 13;
Нарын дубанында түнкүсүн -1 … +4, күндүз 12 … 17.
Бишкек шаарында 9-октябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2 … 4, күндүз 12 … 14°.