• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

9-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

8 Аяк оона 202516:24 Бишкек Govori.TV

9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күңдүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында түнкүсүн 13…15°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Количество просмотров: 246