Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйын өтүүдө. Анда Камчыбек Ташиев эл өкүлүн суроосуна жооп берүүнүн алдында Жогорку Кеңештин отурумуна катыша электигине 9 жыл болгонун айтып, бираз толкунданып жатканын билдирди.
«Ким коррупцияга аралашкан болсо ал жазасын алат. Ээлеген ордуна, тууганчылыгына, тааныштыгына каралбайт мыйзам чегинде жооп берет. Биз муну баштадык. Бул жерде өтө көп мамлекеттик кызматкерлер бар. Жол боюнча 3-4 чоң коррупциялык иштер каралып жатат. Бул маселелер жөн калбайт. Ар бирин карап чыгабыз, ким уурдаса мамлекетке кайтарабыз. Түндүк-Түштүк жолу боюнча каралып жатат», — деди Ташиев.