Пакистандын Карачи шаарында жүргүнчү ташып бара жаткан учак калктуу конушка кулаганын РИА Новости Geo телеканалына шилтеме берип жазды.
Кийинчерээк маалыматты компаниянын өкүлү да тастыктап, кеп 90 жүргүнчүнү алып бара жаткан Airbus A320 учагы тууралуу болуп жатканын билдирген.
Учак Лахор калаасынан Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерден кулаган.