Ооганстандын Газни провинциясында учак кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча учакта 80ден ашуун жүргүнчү болгону айтылууда. Бирок жабыркагандар же каза тапкандар тууралуу расмий маалымат жок.
Ал эми провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Ареф Нури учак 27-январда жергиликтүү саат боюнча түшкү саат 1лер чамасында кыйраганын «Азаттыкка» билдирген.