• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токмокто кулаган окуу-машыгуу учагынын экипажы ооруканага жеткирилди

20 Тогуздун айы 2022 19:45 Бишкек Govori.TV

Токмоктогу жеке аэродромдо кулаган учак фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Govori.TVга Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, тергөөнү транспорт прокуратурасы жүргүзүп жатат.

«Окуя бүгүн саат 8.03тө болгон. Аэродромдо 2015-жылы чыккан Bristell NG-5 учагы кулап түшкөн. Экипаждын составында эки адам — Кыргыз авиация институтунун инструктору жана курсанты болгон. Экөө тең Токмак шаардык ооруканасына жеткирилди», — деп кабарланды.

Количество просмотров: 187