• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кулаган учактагы эт «Наведитс» ишканасынан алынган

14 Үчтүн айы 2019 17:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.01.2019.Govori.TV.

Иранда кулап түшкөн жүк ташуучу «Boeing 707» учагына Кыргызстандагы «Наведитс» ишканасынан алынган 30 тонна кой эти жүктөлгөн болчу. Аталган ишкана Иранга ушул көлөмдөгү этти экспорт кылыш үчүн быйыл 11-январда Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча инспекциядан уруксат алган.

Кыргызстан Иранга 2017-жылдан бери эт экспорттойт. Аны «Наведитс» ишканасы аткарат. Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча инспекциядан алынган маалыматка караганда 2017-жылы 146 тонна, 2018-жылы 786 тонна жөнөтүлгөн. Макулдашууга ылайык, кой эти гана жиберилет.

14-январда 30 тонна эт менен Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан учуп чыккан жүк ташуучу «Boeing 707» учагы Тегеранга жакын аймакта кулап, борттогу 16 адамдын 15и курман болду.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы учак ирандык компанияга таандык экенин, бортто кыргызстандыктар болбогонун билдирди. 

Количество просмотров: 45