Кыргызстанда 31-июлга карата коронавирус дагы 919 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учур:
— Бишкек шаарында — 515 адам;
— Чүй облусунда — 154 адам;
— Жалал-Абад облусунда — 73 адам;
— Баткен облусунда— 59 адам;
— Ош облусунда — 29 адам;
— Ысык-Көл облусунда — 50 адам;
— Нарын облусунда — 23 адам;
— Талас облусунда — 10 адам;
— Ош шаарында — 6 адам.
Ал эми бир суткада 1 миң 580 адам илдеттен сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 14 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 831 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 860 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 162 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 144 миң 564 киши айыгып чыкса, 2 миң 325 адам каза болду.