Бүгүн, 13-январга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 92 адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 51 адам;
— Ош шаарында 9 адам;
— Чүй облусунда 10 адам;
— Ош облусунда 5 адам;
— Талас облусунда катталган жок;
— Нарын облусунда 3 адам;
— Ысык-Көл облусунда 3 адам;
— Жалал-Абад облусунда 10 адам;
— Баткен облусунда 1 адам;
Кыргызстанда жалпы 82 миң 587 адамдан COVID-19 диагнозу тастыкталган.