Кыргызстанда 19-октябрга карата коронавирус дагы 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 49;
Чүй облусу – 31;
Ош облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 12.
Ал эми бир суткада 2 бейтап каза болду. 74 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 527 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду