Кыргызстанда 2021-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү болжолдуу маалыматтар боюнча 118 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелдеги маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,4%га аз.
“Кумтөр” кен байлыгын иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда, ИДПнын көлөмү 106 млрд сомго жакын болуп, 4,5%га азайган. Өндүрүш продукциясынын көлөмү 73 млрд сомдон ашып, бул 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 17,9%га түшкөн”,-деди Оросбаев.