• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда ким көп айлык алат? (Статистика)

10 Аяк оона 2020 11:05 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык айлык акысы (кичи ишканаларды эске албаганда)17 999 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, орточо айлык акы 2019-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 10,5 пайызга көбөйгөн.

Эң эле жогору орточо айлык акысы финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагынын кызматкерлеринде аныкталды – 36 028 сом, маалымат жана байланыш тармагында – 35 133 сом жана пайдалуу кен казуу тармагында – 35 005 сомду түзгөн.

Ал эми искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагынын кызматкерлери – 9 829 сом, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан камсыздоодо – 10 750 сом жана билим берүү тармагында – 14 509 сомду түзүп, республикалык орточо айлык акынын деңгээлинин төмөн орунду ээлеген.

«Азыркы учурда Улуттук статистика комитети, эл аралык уюмдардын сунуштарынын негизинде иштелип чыккан нускамага ылайык юридикалык жактар тарабынан толтурулган статистикалык отчет боюнча юридикалык жактарда жалданып иштеген кызматкерлердин гана орточо айлык акысын эсептеп чыгарат. Ай сайын Улуттук статистика комитетине кызматкерлердин саны жана айлык акынын өлчөмү тууралуу отчетту 16 миңге жакын ишкана жана уюм тапшырат», — деп билдирет Статистика комитети.

Көрүнүп тургандай, ишмердиктин түрлөрү боюнча орточо акы бирдей эмес. Мисалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагындагы акынын өлчөмү башка экономикалык ишмердиктин түрлөрүнө караганда кыйла аз. Мындай абал социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин көбү мамлекеттин каржылоосунда болуп, айлык акысы дагы мамлекеттин бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө көз каранды болот.  

Количество просмотров: 6338