2020-жылы калктын акчалай кирешелери 452 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Муну менен катар 2020-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү өлкө боюнча 425 млрд. сомду түздү жана мурунку жылга салыштырмалуу 5,1 %га төмөндөдү.
Калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери өткөн жылы айына 5 миң 600 сомду түзүп, 2019-жылга салыштырганда 6,9 %га кыскарды.
«Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери өткөн жылга салыштырганда бир пайызга төмөндөп, өткөн жылы айына 5 625,4 сомду түздү»,-деп айтылат маалыматта.