• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда эң көп жасалган кылмыштын түрү — уурулук. Статистика

25 Баш оона 202012:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2019-жылы 41 622 кылмыш, 22 211 жорук катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка караганда, өлкөдө эң көп жасалган кылмыштын түрү — уурулук. Тактап айтканда, 15 132 жолу уурулук фактысы катталган.

Сандар менен карай келгенде төмөндөгүдөй:

  • алдамчылык — 7 247 жолу;
  • бейбаштык — 3 349
  • тоноо — 1 821;
  • баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү — 999;
  • жол эрежелерин бузуу — 562;
  • каракчылык менен кол салуу — 204 жолу жасалган.
Количество просмотров: 193