Бишкек. 02.10.2018. Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова «пенсионерлерди» кошуп жазган постунан кийин аны талкуулагандардын саны өстү.
Ал гана эмес соц.тармактарда «Сиз Лунара Мамытованы өзүнүн бийликтеги отургучуна татыктуу деп ойлойсузбу?» – деген суроо салышкан.
94 % колдонуучу «Аны мурунку коллегасы Каденовага окшотуп айдаш керек» — деп белгилеген.
Орун басар айымдын пикирин колдогондор 2 % түзүп, бийликте калуусун каалагандардын саны 3% жеткен.