• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

16 Теке 202010:18 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда эртең мененки брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 42, Чүй облусунда 18, Ош шаарында 7, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 5, Ысык-Көлдө 9 жана Таласта 6»,- деди Акматова.

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер сакайган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 126