• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

97 күн айырма менен төрөлгөн эгиздер

23 Чын куран 201915:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.

Германиянын Кельн шаарында эгиз ымыркайлар 97 күн айырма менен төрөлдү. Оксана атуу айым 6 айлык кош бойлуу кезинде суусу кетип, ооруканага жеткирилген.

Ал эми даарыгерлер эне-баланы сактап калышкан. 900 грамм салмакта төрөлгөн ымыркайдын бирөөсүн гана алып чыгып, Лиана деген ысым ыйгарышкан. Ал эми экинчисин айы-күнү жеткенде төрөлсүн деп калтырып коюшкан.

Эгиздин түгөйү ай-күнү келгенде 3 килограмм 700 грамм салмакта төрөлгөн. Маалыматка ылайык, Лиана 2018-жылдын 17-ноябрында төрөлсө, Леони 2019-жылдын 22-февралында төрөлгөн.

Количество просмотров: 36