97 жаштагы согуштун ардагери Наамат ата жаш баладай тың (видео)
97 жаштагы согуштун ардагери Наамат ата жаш баладай тың (видео)
4 мая 2018 в 18:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.05.2018. Govori.TV
Кандуу согушту башынан өткөрүп, азыркы учурда бактылуу карылыктын доорун сүрүп жаткан 97 жаштагы Наамат ата менен Govori.TV сайтынын Нарындагы кабарчысы Майрамбек Өмүрбаев ал-ахыбал сурап кайтты.
Нарын областынын Ат-Башы районун Талды-Суу айылында жашап жаткан Наамат ата али да күүлү-күчтүү. Жаз келээри менен бээ байлап, кымыз ичет. Комузда кол ойнотуп, санжырадан кенен айтып, элдик ырларды мыкты аткарат. Жакында 9-май «Улуу Жеңиш күнү» майрамына карата, кабарчы куттуктап , ден-соолук каалап кайтты.
Эскерте кетсек, согуш ардагерлеринин саны жыл өткөн сайын азайып келүүдө.