• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

976 техника дыйкандарга лизинг катары берилди

30 Аяк оона 202414:38 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн техникалык жабдуу жана МТСти кайра жандандыруу, өндүрүштүк негизги каражаттарды жаңыртуу, техникалык тейлөө кызматтарынын инфраструктурасын кеңейтүү жана айыл чарба субъекттеринин машина-трактор парктарын модернизациялоо иштери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 9 кредиттик линия аркылуу ишке ашырылууда. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Бул лизингдик долбоорлордун алкагында республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө бардык түрдөгү айыл чарба техникалары жана жабдуулары, сугаруучу машиналар жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу жабдуулары жеңилдетилген шарттарда, 10 жылдык мөөнөткө жылына 6 пайыз менен берилет.

Техниканы лизингге берүү долбоорлору ишке кирген күндөн баштап, республикадагы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жалпысынан 17,6 млрд. сомго 6892 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары алынган. Анын ичинде 2024-жылы 3,8 млрд. сомго 976 даана ар түрдүү айыл чарба техникалары берилген.

Республикадагы бардык айыл чарба субъекттери өз техника паркын «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» кредиттик-лизингдик линиялары аркылуу мамлекеттик колдоонун эсебинен жеңилдетилген шарттарда толуктай алышат.

Количество просмотров: 91