Бир суткада өлкөдө 98 бейтап коронавирус жана пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 39 адам;
— Чүй облусунда 4 адам;
— Ош облусунда 10;
— Нарын облусунда 3;
— Ысык-Көл облусунда 19;
— Жалал-Абад облусунда 5;
— Баткен облусунда 18 адам.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 41 миң 415 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.