• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Умар, Алинур жана Али. 2018-жылы Кыргызстанда көп коюлган ысымдардын тизмеси

9 Бирдин айы 2019 9:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.02.2019.Govori.TV.

Өткөн жылы Кыргызстанда Умар, Алинур жан Али деген ысымдар көп коюлган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы 2 миң 956 балага Умар, 1 миң 703 ымыркайга Алинур жана 1 миң 637 наристеге Али деген ысымдар коюлган. Ал эми кыздардын арасында Раяна (1903), Амина (1703) жана Айлин (1673) аттары белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, төрт жылдан бери чүрпөсүн Умар деп атагандар көп болуп келет.

Ал эми сейрек берилген аттардын катарында Мусобек, Айболсун, Арапабданбек, Сейданур, Суусарай жана Гулнуркан ысымдары бар.

Ошондой эле өткөн жылы 2 миң 471 ымыркай мусулмандардын пайгамбарынын атын алган: Мухаммад, Мухаммадюсуф, Мухаммед, Нурмухаммед, Мухаммадали, Мухаммадумар, Мухаммадамин.

Былтыр 146 миң 900 туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Ошол эле учурда балага сүйүнчү алуу боюнча 108 миңге жакын арыз тапшырылган.

Количество просмотров: 178