Бишкек.11.12.2018.Govori.TV
Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши жана анын Орусияга качканы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев төмөнкүлөргө токтолду.
«Ачык айтканда Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда айтылган сөзү бир топ кыргыздардын ачуусун келтирди. Бирок, эгерде эмоциясы жок карасак, биринчи экспертиза менен эки улутту бөлүүгө чакырык жасоо деп козголгон. Бирок андан кийинки экспертизаларда эксперттер «андай болгон эмес, бул чындыгында эмоция менен айтылган сөз» деп чыгышкан. Бабанов муну иши менен көрсөттү. Эки элди кайраштырып, Кыргызстанда ынтымакка доо кетирүү максаты болсо, шайлоодон кийин тополоңду баштаса болмок да. Кыргызстандын ынтымагы ал үчүн ыйык нерсе экенин иш жүзүндө көрсөттү. Керек болсо ынтымак үчүн саясаттан да кетем деп, депутаттык мандатын да өткөрүп берди.
Мен мунун баарын декабрда эле көргөм. Ошондо жаңы президент Сооронбай Жээнбековго «Бабанов момундай кадамдарга барып атат, депутаттыктан кетти. Экспертизалар бар. Бул ишти жабыш керек» деп айткам. Анан ал киши да макул болгон. Керек болсо Президент болбосом дагы бир эки ай өткөндөн кийин февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевге жолугуп, «ушундай сөз болбоду беле Бабановдун иши жабылыш керек эле го, эмне болуп атат?» деп сурагам. Бирок буйруктарды башка президент берип калган да. Мартта Руслан Казакбаев да келген. Анан анын көзүнчө Абдил Сегизбаевге телефон чалып, Бабановдун тиешеси жок экен иш жабылышы керек эле да деп айттым. Ал киши байке кичине созулуп атат деди. Анан мен жок дегенде Русланды кабыл алуусун сурандым. Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды, ачыгын айтканда»,-деген пикирин айтты Алмазбек Атамбаев.